БАЛДАР АДАБИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР АДАБИЯТЫ - балдардын жаш өзгө­чөлүктөрүнө жараша бөбөктөр, тестиер балдар, өспүрүмдөр үчүн арналып жазылган адабий чы­гармалардын жалпы аталышы. Балдар үчүн жазылган чыгарманын тили жөнөкөй, түшүнүк­түү, элестүү ж-а бай болуусу керек. Б. а. балдар­ды сөз мад-ты м-н тааныштырат, ойлоо жөн­дөмүн кеңитет. А. С. Пушкиндин жомоктору, И. А. Крыловдун тамсилдери, Д. Дефонун «Робинзон Крузо» романы балдардын сүйүктүү ки­тептеринен болуп саналат. X. К. Андерсендин, ага-ини Я. ж-а В. Гриммдердин жомоктору, М. Твендин повесттери ж. б. чыгармалары жаш муундардын айлана-чөйрөгө болгон көзкарашын тереңдетип, Ата Журтка, элине болгон сүйүүсүн арттырат, түркүн өнөргө шыктандырат, жооп­керчиликтүү чоң иштерди аткарууга даярдайт. Азыркы Б. а. көп улуттуу. Алардын ар бири­нин өзалдынча өсүш жолу, тарыхы бар. В. В. Маяковский, К. И. Чуковский, С. Я. Маршак, М. Ильин, А. П. Гайдар, В. П. Катаев, С. В. Михалков, Л. А. Кассиль өңдүү жазуучулардын балдар үчүн жазган чыгармалары дүйнөгө бел­гилүү. Кыргыз Б. а. совет мезгилинде жаралды, к. Кыргыз балдар адабияты.