БАЛДАР АЙЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР АЙЫЛЫ - томолой жетим же ата­энесинин биринен ажырап, кароосуз калган балдар үчүн шарты үйбүлөдөгү абалга жакын уюш­турулган мекеме. Мындай Б. а. 1949-ж. бирин­чи жолу австриялык педагог Герман Гмайнер тарабынан уюштурулган. Герман Гмайнер дүй­нөдөгү алдыңкы пед. жетишкендиктерге таянып, жетим же ата-энеси тарабынан багуусуз калган балдар үчүн тарбия системасын түзгөн. Азыркы күндө дүйнөдөгү 120 мамлекетте Б. а. бар. Кырг-нда 2000-ж. Бишкек ш-нда, 2002-ж. Чолпоната ш-нда Б. а. уюштурулган.