БАЛДАР БАКЧАСЫ ЖАНА МЕКТЕП КОМПЛЕКСТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР БАКЧАСЫ ЖАНА МЕКТЕП КОМПЛЕКСТЕРИ - мектеп жашына чейинки балдар­га коомдук алгачкы окуу тарбия берүүчү мекеме. Биринчи жолу Фретель (1837, Германия) түзгөн. Россияда 19-к-дын 60-жылдарында уюштурулган. О. эле балдар бакчасынан келген бала мектептеги жаңы шартка, окуу процессине ий­кемдүү, кыйынчылыксыз көнүгүшү үчүн уюштурулган окуу комплекстери бар. Алардын не­гизги максаты - ата мекенибиздеги ж-а чет эл­дик алдыңкы методикалык иш-тажрыйбалар­ды пайдаланып, ар бир бала жетиштүү деңгээлде өсүп-өнүгө ала турган окуу-методикалык комп­лекстерди түзүү, иштин мазмунун «уланма­луулукта» айкалыштыруу. Мындай комплекс­тер Бишкек ш-ндагы № 61, 39, 69 орто мектепте­ри ж-а № 184 балдар бакчасы тарабынан тү­зүлгөн.