БАЛДАРДЫН ДЕМОКРАТИЯЛЫК УЮМДАРЫ
БАЛДАРДЫН ДЕМОКРАТИЯЛЫК УЮМДАРЫ - ар кандай партиялардын, демокр. жаштар ж-а аялдар уюмдарынын, кесиптик союздардын ж. б. жетекчилиги м-н иштөөчү ыктыярдуу массалык балдар бирикмелери. Б. д. у. балдарды демократия духунда, элдер ортосундагы достукту ж-а бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты жактоого тарбиялоонун өбөлгөсү болуп эсептелет. Дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттеринде Б. д. у. түзүлгөн. Алардын ар биринин өзүнүн салтанаттуу убада, мыйзам, эреже, символикалары бар.