БАЛДАРДЫН КҮНДӨЛҮК РЕЖИМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАРДЫН КҮНДӨЛҮК РЕЖИМИ - балдар­дын бир суткадагы оюнун, иш-аракетин, эсалуу­сун туура уюштуруу. Күндөлүк режим алардын анат.-физиол. жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу м-н түзүлөт. Режим б-ча балдар уйкусу канганча (10-12 саат) уктоосу керек. 3-6 жаштагы бал­дардын эртең мененки тамактануудан кийинки убактысы сүрөт тартуу ж. б. м-н өтөт. Мектеп окуучулары сабактарын окуудан, үй тапшыр­маларын аткаруудан кийин мектептеги түр­дүү ийримдерге катышат. Б. к. р-нде сабактан кийин 2-3 саат демалуу, таза абада болуу, ук­тоо убактысы да көрсөтүлөт. Мектеп окуучу­ларынын режиминде сабакка даярдануу, эсалуу, уктоо убактылары жаш өзгөчөлүктө­рүнө, сабак өтүүнүн убактысына жараша түзүлөт.