БАЛДАРДЫН ӨЗДҮК КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАРДЫН ӨЗДҮК КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ - балдардын көркөм чыг-лыкка шыгын ж-а жөндөмүн өстүрүү үчүн иск-вонун ар түрдүү тармактары (ыр-хор, музыка, бий, сүрөтчүлүк, театр өнөрү ж. б.) б-ча уюштурулган класстан же мектептен тышкаркы иштер. Мындай чыг­лыкты уюштуруунун мазмуну, методу ж-а формасы ар түрдүү. Алар мектепте, балдар ж-а мад-т үйүндө уюштурулуп, ийгиликтери майрамдар­да, даталуу күндөрдө, кечелерде, чыгармачыл конкурстарда ж-а фестивалдарда, радиоберүүдө, телекөрсөтүүдө кеңири чагылдырылат.