БАЛДАР КИНОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР КИНОСУ - балдар ж-а өспүрүмдөр үчүн атайын тартылган фильм. Балдар киносуна көркөм ж-а мультипликациялык, хроника-да-

«Кумдагы сепилдер» документ фильминен кадр. Реж. А. Видугирис.

ректүү, ил.-таануу фильмдери кирет. Адатта балдар киносунун негизин балдар адабияты түзөт. Мурда Б. к-н тартуу үчүн атайын кино­студиялар иштеген. Кырг-нда балдар үчүн бир нече фильм тартылган. Алардын эң мыктыла­рынын сабына «Космонавттар көчөсү», «Кети­рекей», «Атадан калган туяк», «Көзайнекчен» (1972, реж. А. Видугирис), «Айдагы жезкемпир» (А. Жакыпбековдун ушундай аталыштагы повести б-ча), «Ат жалын бек карма» (реж. Б. Ка­рагулов) ж. б. көркөм тасмалары кирет. Д. Асано ванын «Ленфильм» студиясында жараткан ки­ночыгармаларынын («Мадырабаштар» ж. б.) да кандайдыр бир деңгээлде кыргыз улуттук киносуна тиешеси бар. Биринчи кыргыз мульт­фильми - «Сандардын чатагы» (реж. С. Ише­нов, 1977). Чет өлкөлүк балдар фильмдери, а. и. мультфильмдер кыргыз тилине которулган. Дүй­нө жүзүндө Б. к-на бөтөнчө көңүл бөлүнөт. АКШда 1923-жылдан Уолт Дисней ачкан кино­студияда балдар үчүн мультфильмдер тарты­лууда. Анын Микки Маус ж-дөгү сериалдары бел­гилүү. Индистанда 1955-ж. Б. к-нун коому уюшту­рулган. Б. к. Австралияда, Иракта, Венесуэлада, Бангладеште, Жаңы Зеландияда, Шри-Лан­када, Түркияда, Германияда, Чехия м-н Словакияда ж. б. өлкөлөрдө жакшы өнүгүүдө.

А. Пазылов.