БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ - балдарга өз аң­сезимин рухий жактан байытууга, илим негиз­дерин терең өздөштүрүүгө, китеп окуу мада­ниятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүчү өспүрүмдөр үчүн адистештирилген китептер топтомуна ээ мектептен тышкаркы мекеме. Б. к. Кырг-нда 1930-жылдан уюштурула баштаган. 1934-ж. М. В. Фрунзе атн. алгачкы борб. балдар китеп­канасы ачылган. 1935-жылдан мектептерде, ки­йин массалык китепкана фондуларында балдар китептеринин фондуларын түзүү кеңири кулач жайган. 1946-ж. чейин Кырг-нда 5 гана Б. к. болгон. Алардын үчөө Чүй (мурунку Фрунзе обл.), Ош, Ысыккөл обл-нда ачылган. Андан кийинки жылдары балдарды атуулдукка, эмгекке ж-а чыг-лык ой жүгүртүүгө тарбиялап өстүрүүдө китепкананын таасирдүүлүгү эске алынып, райондордо, шаарларда атайын Б. к. уюш­турулган. 1954-ж. Фрунзе ш-нда Фрунзе обл. балдар китепканасы түзүлгөн. Ал 1958-ж. респ. балдар китепканасына айланган. 1972-ж. Б. к-нын жалпы саны 67 болсо, андан кийинки он жыл­да 106га жеткен, а. и. 1967-ж. Ош обл. балдар китепканасы, 1972-ж. Нарын ж-а Пржевальск (азыркы Каракол) ш-нда, кийин 1980-ж. Талас ш-нда Б. к. ачылып, методикалык иштерди кеңири жайылтышкан. Балдарды китепканада тейлеп, массалык иштердин сапатын жогору­латкан. 1966-ж. Фрунзе ш-дык «Ровестник» китепканасы ачылып, 1976-ж. ал Кыргыз ССР мамл. респ-лык өспүрүмдөр китепканасына айланган. Бул китепканага 1993-ж. К. Баялиновдун ысымы берилген. 1997-ж. бул эки китепкана бирик­тирилип, К. Баялинов атн. Республикалык балдар жана жаштар китепканасы болуп түзүлгөн. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин респ-нын коомдук турмушу жаңыланып, Б. к. көп өзгө­рүүгө дуушар болду. Финансылык жагдайга бай­ланыштуу 130 Б. к-нын 45% жабылып, учурда 72 Б. к. мезгил талабына жараша балдарды эли­жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын, мад-тын, иск-восун ж-а ад-тын кеңири үйрөнүп билүүгө ба­гытталган иш-пландарды жүргүзүшүүдө. Б. к-нын фонду окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша коомдук-саясий, ил., көркөм ад-ттар, гезит­журналдар м-н камсыздалган. С. Ишенов.