БАЛДАР МУЗЫКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР МУЗЫКАСЫ - балдардын кабылдоо­суна ж-а аткаруучулук мүмкүнчүлүгүнө ыла­йыкталып жазылган муз. чыгарма. Б. м-нын мыкты үлгүлөрү түзүлүшүнүн тактыгы, муз. ти­линин көркөмдүгү, поэтикалык каражаттары­нын жетимдүүлүгү ж-а мазмунунун таасирдүү­лүгү м-н айырмаланат. П. И. Чайковский, Р. Шуман, А. К. Лядов, Б. Барток, С. С. Прокофьев, К. Молдобасанов ж. б. композиторлор Б. м. жанрында классикалык чыгармаларды жаратыш­кан. Балдар театрларында коюлган оюндарда, балдар кинофильмдеринде, радиокомпозиция­ларда Б. м. маанилүү орунда. Кыргыздын «Бе­шик ыры», «Каркыра-турна» сыяктуу элдик ырлары м-н катар А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Т. Эрматов, Ч. Жумаканов ж. б. композиторлордун балдар үчүн ырлары, түрдүү жанрдагы чыгармалары белгилүү.