БАЛДАР МУЗЫКАСЫ
БАЛДАР МУЗЫКАСЫ - балдардын кабылдоосуна ж-а аткаруучулук мүмкүнчүлүгүнө ылайыкталып жазылган муз. чыгарма. Б. м-нын мыкты үлгүлөрү түзүлүшүнүн тактыгы, муз. тилинин көркөмдүгү, поэтикалык каражаттарынын жетимдүүлүгү ж-а мазмунунун таасирдүүлүгү м-н айырмаланат. П. И. Чайковский, Р. Шуман, А. К. Лядов, Б. Барток, С. С. Прокофьев, К. Молдобасанов ж. б. композиторлор Б. м. жанрында классикалык чыгармаларды жаратышкан. Балдар театрларында коюлган оюндарда, балдар кинофильмдеринде, радиокомпозицияларда Б. м. маанилүү орунда. Кыргыздын «Бешик ыры», «Каркыра-турна» сыяктуу элдик ырлары м-н катар А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Т. Эрматов, Ч. Жумаканов ж. б. композиторлордун балдар үчүн ырлары, түрдүү жанрдагы чыгармалары белгилүү.