БАЛДАР ҮЙҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР ҮЙҮ - ата-энеси жок жетим калган, ата-энелери укугунан ажыраган же денсоолугу начар, балдарын убактылуу бага албаган ж. б. орчундуу себептерден улам кароосуз, багуусуз калган балдарды тарбиялоочу мекеме. Кырг-нда Б. ү. 7 жашка чейинки ж-а мектеп курагындагы балдарды тарбиялоочу мекеме болуп бөлүнөт. Б. ү. тибине ж-а укуктук статусуна ылайык бал­дар жашоочу жай, тамак-аш, кийим-кечек, да­рылоо, окутуп-тарбиялоо үчүн керектүү шарт­тар м-н камсызданат. Мектепке чейинки курактагы балдар Бишкек, Токмок ш-ндагы Б. ү-ндө атайы адистиги бар педагог, медицина кызмат­керлеринин камкордугу астында тарбияланып, 6-7 жаштан кийин мектеп курагындагы бал­дарга арналган Чүй обл-нун Москва р-нундагы, Ош обл-нун Карасуу, Баткен обл-нун Кадамжай р-ндорундагы Б. ү-нө тапшырылат. Б. ү. кароосуз калган балдарга мамл. деңгээлде кам көрүп, келечекте өз турмушунун ээси болууга, эмгек­тенүүгө даярдайт.