БАЛЕАР АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЕАР АРАЛДАРЫ Жерортолук деңизинин батыш бөлүгүндө. Мальорка, Менорка, Питиуз а. кирет. Испаниянын Балеарес провинциясы­на карайт. Аянты Питиус а. м-н кошо 5 миң км 2ден ашык. Калкы 830 миң (2004). Адыр-күдүрлүү жа­пыз тоо (бийикт. 1445 м ге чейин) рельефи ба­сымдуу. Жерортолук деңиздик бадалдар (маквис, гарига) ж-а токой басымдуу. Жүзүм, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы өстүрүлөт. Балык кармалат. Негизги шаары ж-а порту - Пальма-де-Мальорка (Мальорка а-нда). Деңиз климаттык курорттору, эсалуу жайлары бар. Ту ризм өнүккөн.