БАЛЕТМЕЙСТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЕТМЕЙСТЕР (нем. ваііеіітеізіег - бийдин устаты) - бийди, балетти, хореогр. номерлерди коюучу адам. Б. сахнада көркөм образды ж-а спектаклдин идеясын көрсөтүүчү кыймыл-ара­кеттин системасын түзүп, хореогр. партияны ар бир актёр ж-а бүт коллектив м-н бирге иштеп чыгат. Кыргыз балетмейстерлери Н. Түгөлов, Э. Мадемилова, У. Сарбагышев, С. Абдужа­лилов, К. Садыков, М. Асылбашев ж. б-дын улуттук бийдин өнүгүшүнө кошкон салымдары чоң.