БАЛКА
БАЛКА - 1) мыкты кагып киргизүү, бир нерсени ургулоо үчүн колдонулуучу ар түрдүү салмактагы саптуу аспап. Ал темирден жасалып, жыгач сапталат. Бардык усталарга керектүүсүн чоң Б., зергерлер узануучусун теке Б., чалгы чыңдоочунукун чалгы Б., өтүкчүлөр колдонгонун кичине Б. деп аташкан; 2) жумуш жасоочу аспабы алга умтулма кыймылда болгон урма машина.