ГУРАМИШВИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУРАМИШВИ́ЛИ Давид [(1705, Мцхет.ш-на жакын, Сагурамо айылы, Грузия – 21. 7(1. 8). 1792, Миргород ш. Украина] – грузин акыны. «Давитиани» (1787) аттуу белгилүү автобиографиялык ырлар жыйнагынын автору. Г-нин чыг-лыгы орус мад-тынын таасиринде калыптанган. Анын «Грузия кайгысы» лирика-эпикалык поэмасында 18-к-дын 1-жарымындагы грузин элинин тарыхындагы трагедия чагылдырылган. «Бадачы Кацвия» буколикалык поэмасы юмордук сезимдин күчтүүлүгү, баяндоонун жандуулугу м-н айырмаланат. Г. грузин поэзиясынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Ал «Адамдын жалган дүйнө менен талашы» аттуу поэтикалык трактат жазган. Акындын Миргороддогу (Украина) мүрзөсүнө (1949), о. эле Тбилиси ш-нын Чавчовадзе көчөсүнө эстелик орнотулган (1965).