БАЛКАР КЕРАМИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛКАР КЕРАМИКАСЫ - б. з. ч. III миң жыл­дыкта Түн. Кавказда пайда болгон карапачы­лык колөнөрчүлүгү. Балкар-Дагстандагы Лак айылы көркөм керамиканын байыркы борбору болгон. Уламыш б-ча карапачылык өнөрдүн пири Калькучи Балкар айылынын аялдарын кол станокто ошол жердин топурагынан керамика жасаганга үйрөткөн. Карапачылык м-н шугул­дануу бул жерде аялдардын иши болгон. Азыр­кы Балкарда карапачылык техникасы (карапа жасоочу калып, эшип ийлөө ыкмасы ж-а эски конструкциядагы мештерде бышыруу ж. б.) көп деле өзгөргөн жок. Б. к-на өзгөчө тектоникадагы жука капталдуу ар түрдүү идиштер, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү миңдеген жылдардан бери калып­танган кенен, бышык, узун моюндуу, суу ташуу­чу «уршалар», жуунуучу, май салуучу, эжигей

туздоочу кумуралар, дан салуучу идиштер, табак, мискей, майда пластика кирет. Карапанын түсү м-н ак ангоб жазуусунун тор саймасынын айкалышы Б. к-нын мүнөздүү белгилеринен бо­луп эсептелет.