БАЛКАРЛАР
БАЛКАРЛАР (өздөрүн т а у л у л а, м а лк а р л ы л а деп аташат) - Кабарда-Балкар Респ-нын (Россия) жерг. калкы. Жалпы саны 108,4 миң киши, анын 104,9 миңи Кабарда- Балкар (2002), о. эле Казакстанда (6 миңдей), Кырг-нда (2 миңдей) жашашат. Карачай-балкар тилинде сүплөшөт. Мусулман-сунниттер. Кавказдын байыркы кавказ тилдүү жерг. элдери, иран ж-а түрк тилдүү уруулардын (алан, болгар, хазар ж. б., өзгөчө кыпчактар) ассимиляцияланышы м-н Б. 13-к-да эл болуп калыптанган. Чынгызхандын аскерлеринин кол салуусунун мезгилинде (13-к.) Б-дын ата-бабалары Борб. Кавказдын тоолуу тилкелерине сүрүлгөн да, 19- к-дын 2-жарымында кайрадан алардын бир азыраагы түздүктүү жерлерге көчүп келишкен.

Б. кабардин, сван, карачан, грузин-рачиндер сыяктуу коңшу элдер, о. эле 17-к-дын ортосунан орустар м-н тыгыз мамиледе. 1922-ж. Кабарда- Балкар автономиялык обл., 1936-ж. Кабарда- Балкар АССРи түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 1944-ж. Б. күч м-н О. Азияга ж-а Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-ж. Кабарда- Балкар АССРи калыбына келтирилип, Б. кайрадан мекенине кайтып келишкен. Алар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, балчылык, аңчылык м-н кесип кылышып, карапайым элдери таштан салынган төбөсү жалпак бир кабаттуу, ал эми оокаттуу үйбүлөлөр эки кабаттуу, мунаралуу үйлөрдө жашашкан. Эркектер бешмант, черкеска, тон, бурка, папах, башлык кийишип, белдерине ичке кур курчанып, канжар тагынышкан, аялдары туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, башына жамынма жоолук салынып, саймаланган кийимдерди кийишкен, алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды колдонушкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктарынан даярдалып, балды кенен колдонушат.