БАЛКЫБЕКОВА
БАЛКЫБЕКОВА Сайрагүл (1922, Нарын обл., Нарын р-ну, Эчкибашы айылы - 7. 10. 1995, Бишкек) - драма артисти, КРдин эл арт. (1970). Актёрлук иши 1939-ж. Нарын драма театрынан башгалган. 1946-48-ж. Кыргыз мамл. драма театрынын, 1949-52-ж. Пржевальскидеги Ысыккөл обл. драма театрынын, 1952-жылдан Кыргыз мамл. драма театрынын артисти. Б. жерг. авторлордун ж-а дүйнөлүк классиктердин чыгармаларындагы ар кыл мүнөздөгү образдарды көрүүчүлөргө

жандүйнөсүнүн сезимталдыгы, таланты м-н жеткире билген. Аткарган негизги ролдору: Айганыш (К. Жантөшев, «Курманбек»), Жаңыл (К. Маликов, А. Куттубаев, «Жаңыл»), Жыпаргүл (Т. Абдумомунов, «Атабектин кызы»), Зуура (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Жер-Эне (Ч. Айтматов, «Саманчы жолу»), Кручинина (А. Н. Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Регина (Шекспир, «Король Лир»), Анна (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Эне (Б. Жакиев, «Өкүм»), Бакдөөлөт, Каныкей (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сейтек »), Бурма (Т. Касымбеков, «Токтогул»), Чүкөдөй (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт»),

Бермет (К. Эшмамбетов, «Саринжи-Бөкөй») ж. б. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.