БАЛТАБАЕВ Мукаш Руставлетович
БАЛТАБАЕВ 1 Мукаш Руставлетович (1921, Нарын обл., Кочкор р-ну, Кочкор айылы) - педагог, педагогика илимд. доктору (1976), проф. (1977), СССР Педагогика ИАнын (1968), КР УИА- нын корр. мүчөсү (1993), КРдин эмг. сиң. мугалими (1981). Кыргыз мамл. пед. ин-ттун (1952), Кыргыз педагогика ил.-из. ин-тунун аспирантурасын (1965) бүтүргөн. 1951-53-ж. Чүп орто мектебинде мугалим, директор, 1953-55-ж. Кырг-н КП БКнын инструктору, 1955-64-ж. Кыргыз ССРи-

нин Эл агартуу министрлигинде ЖОЖ бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз кыз-келиндер пед. интунун проректору (1965-66), Кыргыз мамл. унтинин пед. кафедрасынын башчысы (1966-75), проректору (1975-80), Кыргыз пед. ил.-изилдөө ин-тунун директору (1981-84), Орус тили ж-а адабияты б-ча пед. ин-ттун кафедра башчысы (1984-90) болуп иштеген. Педагогиканын теориясы ж-а тарыхы б-ча адис. Педагогдук иши м-н катар жалпы орто билим берүүнүн ил.-пед.
маселелерине арналган изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
120дан ашык ил. эмгектери бар. 1-даражадагы
Ата Мекендик согуш ж-а «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Развитие всеобщего среднего образования в Киргизской ССР. Ф., 1978; Кыргызстанда элге билим берүү иши 60 жылда. Ф., 1983; Антология педагогической мысли Киргизской ССР (авторлош). М., 1988.