БАЛТАБАЕВ Мукаш Руставлетович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТАБАЕВ 1 Мукаш Руставлетович (1921, Нарын обл., Кочкор р-ну, Кочкор айылы) - педагог, педагогика илимд. доктору (1976), проф. (1977), СССР Педагогика ИАнын (1968), КР УИА- нын корр. мүчөсү (1993), КРдин эмг. сиң. мугалими (1981). Кыргыз мамл. пед. ин-ттун (1952), Кыргыз пе­дагогика ил.-из. ин-тунун аспирантурасын (1965) бү­түргөн. 1951-53-ж. Чүп орто мектебинде мугалим, ди­ректор, 1953-55-ж. Кырг-н КП БКнын инструктору, 1955-64-ж. Кыргыз ССРи-

нин Эл агартуу министрлигинде ЖОЖ бөлү­мүнүн башчысы, Кыргыз кыз-келиндер пед. ин­тунун проректору (1965-66), Кыргыз мамл. ун­тинин пед. кафедрасынын башчысы (1966-75), проректору (1975-80), Кыргыз пед. ил.-изилдөө ин-тунун директору (1981-84), Орус тили ж-а адабияты б-ча пед. ин-ттун кафедра башчысы (1984-90) болуп иштеген. Педагогиканын тео­риясы ж-а тарыхы б-ча адис. Педагогдук иши м-н катар жалпы орто билим берүүнүн ил.-пед. маселелерине арналган изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 120дан ашык ил. эмгектери бар. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ж-а «Ардак Белгиси» ор­дендери м-н сыйланган.
Эмг.: Развитие всеобщего среднего образования в Киргизской ССР. Ф., 1978; Кыргызстанда элге билим берүү иши 60 жылда. Ф., 1983; Антология педаго­гической мысли Киргизской ССР (авторлош). М., 1988.