БАЛТА-БЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТАБЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ - байыркы түрк доо­руна таандык көрүстөндөр. Каракужур өрөөнүн­дөгү Туурасуу ж-а Жеркөчкү айылдарынын аралыгындагы дөңсөөдө жайгашкан. Бейиттин күн батыш тарабындагы түздүктө байыркы түрк доо­руна (6-10-к.) мүнөздүү маркум болгон адам­дарга арналган төрт чарчы таш коргончолор жайгашкан. Ар бир коргончонун узун-туурасы 3,4-3,8 м. Маркумга арналган ырым-жырымдар ушул коргончонун ичинде аткарылган. Күлдүн калдыктарына ж-а малдын сөөктөрүнө караган да, ырымдарды аткаруу учурунда от жагышкан ж-а малды маркумга арнап садага чабышкан. Коргончолордун күн батыш тарабына адамдын бет келбети түшүрүлгөн таш балбалдар орнотул­ган (кээсинде гана сүрөтү жок, жөн гана таш мамы). Балбалдардагы ар бир адамдын бет келбети бири биринен айырмаланат. Болжолу ар бирине маркумдун сүрөтүн түшүрүүгө аракет кылышкан. Көбүнчө муруттуу эркектин сүрөтү ар­бын. Кырг-нда ж-а ага коңшулаш аймактарда буга чейин кездешпеген аял келбеттүү, үч мү­йүздүү баш кийими бар балбал табылган. 1990-ж. К. Табалдиев археол. изилдөө ишин жүргүзгөн. К. Табалдиев.