БАЛТИКА ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТИКА ДЕҢИЗИ (байыркы славянча - Варяг деңизи) - Атлантика океанындагы материкке кирип жаткан деңиз, Түн. ж-а Ортоңку Европа­нын жээктеринде. Россия Федерациясы, Латвия, Польша, Германия, Дания, Швеция ж-а Финляндия өлкөлөрү м-н чектешет. Аянты 419 миң км2. Дания кысыктары аркылуу Түн. деңиз м-н туташат. Көлөмү 21,5 миң км3. Материктик та­йыздыкта жайгашкан, басымдуу тереңдиги 40100 м, эң терең жери 470 м. Түн. жээги аскалуу, негизинен шхер ж-а фьорд тибинде, түштүгү ж-а түш.-чыгышы ойдуңдуу, кумдуу, лагуна тибинде. Жээги булуң-буйткалуу, эң терең булуң­дары: Ботния, Финн, Рига, Курш, Щецин, Гдань. Аралдары: Аланд, Моонзунд, Борнхольм, Готланд, Эланд, Сааремаа, Хийумаа, Рюген. Б. д-не Нева, Батыш Двина (Даугава), Неман, Висла, Одра ж. б. дарыялар куят. Орт. темп-расы кышында 1-3°С, жээгинде 0°Сден төмөн, жай­ында 18-20°С. Туздуулугу батышында 11%о, борб. бөлүгүндө 6-8%!,. Булуңдарында ж-а жээктеринде муз 16-45 күндөн (Дания кысыктары) 210 күнгө чейин (Түн. Ботния булуңу) жа­тат. Шамалдын ж-а өзгөрүлмөлүү аба басымы­нын таасиринен деңиз деңг. 1,5-3 м ге көтөрүлүп, булуңдарда суу ташкындайт (мис., Нева колту­гунда). Суткасына эки ж-а бир жолу ташкындайт (0,04 м ден 0,1 м ге чейин). Балык (негизинен килька, салака, балтика трескасы) карма­лат. Волга - Балтика суу жолу аркылуу Волга, Ак деңиз - Балтика каналы аркылуу Ак деңиз м-н туташат. Антропогендик таасирден экол. абалы начарлап кеткен. Негизги порттору: Санкт-Петербург, Таллин, Рига, Лиепая, Калининград, Клайпеда, Гданьск, Гдыня, Щецин, Росток, Любек, Киль, Копенгаген, Мальмё, Стокгольм, Лулео, Турку, Хельсинки, Котка. Жээгинде Сопот, Юрмала, Лиепая, Колобжег, Устка, Херингсдорф ж. б. белгилүү курорттор жайгашкан. Б. Мудаева.