БАЛТИКА КАЛКАНЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТИКА КАЛКАНЫ - Чыгыш Европа плат­формасынын түн.-батыш тарабындагы кембрий­ге чейинки мезгилде бүктөлүүгө дуушар болгон фундаменттан жер бетине чыгып жаткан аймагы. Россиядагы Карел Респ-сы, Мурма ж-а Ленинград облустарынын батыш бөлүктөрүн, Финляндия ж-а Швециянын аймактарын ээлейт. Б. к. архей м-н протерозой замандарынын ме­таморфизмделген ж-а татаал өзгөрүүлөргө, бүк­төлүүлөргө учураган гнейс, кристаллдуу сланец сыяктуу тоотектерден турат. Б. к-нда темир (Швеция), жез-никель ж-а апатит (Хибинде, Россия) кендери бар.