БАЛТИМОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТИМОР - АКШнын чыгышындагы ири шаар, Мэриленд штатында. Калкы 610 миң (2005; шаар айланасы м-н 2,5 млн). Атлантика океанынын Чесапик булуңуна Патапско д. куйган жерде жайгашкан. Ири деңиз порту (жылы­на 30 млн т жүк ташылат). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар (Б-ду ж-а Вашингтонду тейлейт). Метрополитен. 1682-ж. негизделген. 1729-ж. Мэриленддин губернатору лорд Сесил Балтимордун ысымынан аталган. 1797-жылдан шаар. 1789-ж. Б-го өлкөдө 1-жолу католик епархиясы ыйгарылган. 19-к-дын башында кооздоп эмерек жасоо б-ча даңкталган. Б-дон - Огайо ш-на АКШдагы алгачкы темир­жол (1828-30) курулуп, 1897-ж. 1-ири металлургия з-ду ишке кирген. 1904-ж. шаардын ишкер бөлүгү толугу м-н күйүп кетип, кайрадан салынган. Классицизм стилиндеги кафедралдуу Кудай Эне собору (1805-21) сакталган. 1970-80-ж. шаардын борб. бөлүгү жаңыланып, арх-ралык комп­лекстер (а. и. Харбор-плейс) курулган. 1812-14- жылкы Англия - Америка согушунун катышуу­чуларынын, Ж. Вашингтондун эстелиги бар.
Б. - өлкөнүн билим ж-а маанилүү ил.-из. бор­бору: Мэриленд ИА (1797), Ж. Хопкинс (1876), Мэриленд (1807), Балтимор (1925) ж. б. ун-ттер, консерватория (1868), иск-во комплекси (1826), 60тан ашык лаборатория (башкы багыты - физика, океанология, океанография, фармецевти­ка, мед. жабдуулар), Колумб борбору (1994, де­ңиздик биотехнология) иштейт. Мэриленд шта­тынын ил. борбору. Б. иск-во (1914), Мэриленд тарых музейлери, Уолтерс сүрөт галереясы (1931), жазуучу Эдгар Понун үй-музейи (Б-да жашаган ж-а көмүлгөн), опера театры, шаардык симфо­ниялык оркестр, океанариум бар.
АКШнын түн.-чыгышынын маанилүү өнөржай ж-а соода-финансы борбору. Металлургия, хим., радиоэлектроника (а. и. согуш өнөржайы үчүн жабдуу), электр-тех., авиаракета, автомобиль кураштыруу, нефть ажыратуу, тамак-аш, кеме куруу ж-а ремонттоо өнөржайы, илимий өндүрү­шү иштейт. Согуш-деңиз базасы бар.