БАЛЫГООЗ
БАЛЫГООЗ , б а к а о о з - аялзатынын чач папик кооздугуна тагылуучу күмүштөн жасалган асем буюм. Ичи көңдөй, эки жагына оюм түшүрүлгөн күмүшкө жибек жип, кара боочолор кыпчылып, чач сымал төмөн түшүп турат. Аялдар ар бир өрүм чачынын учуна бир нечеден Б. асемдикке тагынышкан. Б. негизинен Кырг-ндын түш. аймагында пайдаланылган.