БАЛЫК ЗАВОДУ
БАЛЫК ЗАВОДУ - балык өстүрүүчү ишкана.
Анда балык урук таштоочу, инкубациялык, чабак өстүрүүчү, тоют даярдоочу цехтер болот.
Анын структурасы балыктын түрүнө ж-а андан алынуучу продукцияга жараша түзүлүп, аны курууда ошол жердеги суунун сапатына көңүл бурулат. Балык урук чачуучу мезгилине чейин өзүнчө кармалып, жетилгенден кийин уруктандырылат. Чабак бассейндерде ж-а жасалма көлмөлөрдө өстүрүлөт. Аларды тоюттандыруу үчүн атайын курттар, суубүргөлөрү көбөйтүлүп, көкбоор, сөөк уну ж-а тууралган балык эти пайдаланылат. Ысыккөлдөгү Тоң з-дунда жилингир (форель) балыгы өстүрүлөт.