БАЛЫК ЧАРБАСЫ
БАЛЫК ЧАРБАСЫ - айыл чарбанын балык өстүрүүчү ж-а аларды көбөйтүп, тукумун жакшыртуу ишин жүргүзүүчү тармагы. Табигый ж-а жасалма көлмө Б. ч-на бөлүнөт. Табигый көлмө Б. ч. дарыя, көл, суусактагыч ж-а деңизде балык запасын көбөйтөт. Азыркы Б. ч. балык өстүрүүчү көлмөнү мелиорациялоо ж-а балыктын жаңы түрүн байырлаштыруу иштери м-н бирге комплекстүү жүргүзүлөт. Мелиорациянын натыйжасында балыкты табигый көбөйтүү шарты жакшырат, урук чачуучу жайларда туруктуу суу режими түзүлөт. Колдо өстүрүү максатында көл жээктерине балык з-ддору курулган. Алар урукту инкубациялоо ж-а табигый көлмөлөргө коё берилүүчү майда балыктарды чоңойтуу ж. б. иштерди жүргүзөт. Севан көлүнөн (Армения) Ысыккөлгө алынып келген жилингир (форель) балыгы жакшы байырлашып, айрымынын салм. 24 кг га чейин жеткен.

Токтогул, Киров ж. б. суусактагычтарында Б. ч. өнүгүүдө. Балыкты тоюттандыруу, өстүрүү, көлмөнүн азыктуулугун арттыруу ж. б. маселелерди атайын ил.-из. мекемелери иштеп чыгат.
Ад.: Иманов Ж. Кыргызстандын балык чарбасы. Ф., 1980; Таиров М. Т. Рыбоводство и рыболовство. А.-А., 1985.