БАЛЬЗАМДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬЗАМДАР (гр. Ьаізатоп - жыттуу ча­йыр) - өсүмдүктөн алынган орг. бирикмелердин аралашмасы. Негизинен монотерпендүү учма би­рикмелерден (эфир майларынан), чайыр ж-а анда эрүүчү жыпар жыттуу бирикмелерден (ванилин, бензой к-тасы ж-а алардын татаал эфир­лери, альдегиддер, кетондор, спирттер) турат. Сууда иш жүзүндө эрибейт, орг. эриткичте эрийт. Б. өзгөчө жыттуу, өткүр, даамы ачуу, илээшме суюктук; абада эфир майларынын бууланышы­на ж-а окистенишине жараша катууланат. Тропик ж-а субтропикте, чанда түн. же мелүүн ал­какта өсүүчү жыгач өсүмдүктөрдө пайда болот. Ал кадимки зат алмашуу продуктусу катары же сөңгөк жабыркаганда бөлүнүп чыгат. Негизинен кабыктын клетка аралык боштугунда, кээде жалбыракта ж-а жаш жыгачта чогулат. Б. - канифолду, лак ж. б. даярдоо үчүн сырье; парфюмерияда, косметикада ж-а дары заттарды алууда колдонулат. Ийне жалбырактуу да­рактардан алынат. Жасалма Б. эфир майларынын спирттеги эритмеси, чөптөрдүн тундурма­сы болуп эсептелет. Табигый Б-дын аналогу син­тезделип алынган, мис., поливинилбутил эфи­ри (винилин) же Шостаковский бальзамы жа­раатты дарылоодо пайдаланылат.