БАЛЬЗАМДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬЗАМДОО - түрдүү чиритпөөчү заттарды куюу м-н өлүктү бузулуудан сактоо. Б. үчүн дене ткандарына антисептик ж-а консервалоочу эрит­мелер, көбүнчө формалин (байыркы заманда бальзамдар, аталышы ошондон) сиңирилет. Алар чиритүүчү микробдордун тиричилигине тоскоол кылат. Б. окутуу, ил., соттук-мед., о. эле көрүнүктүү адамдардын денесин сактоо максатында жүргүзүлөт. Б. байыркы замандан бери белгилүү. Айрыкча Байыркы Египетте кеңири таралган. Орус окумуштуулары В. П. Воробьев, Б. И. Збарский иштеп чыккан ыкма б-ча 1924-ж. В. И. Лениндин денеси бальзамдалган.