БАЛЬНЕОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬНЕОЛОГИЯ (лат. Ьаіпеит - киринүү ж-а
...логия) - медицинанын минералдуу суулардын пайда болушун, физ.-хим. касиетин, ооруну дарылоо ж-а алдыналуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. Б-нын бальнеотехника, бальнеотерапия ж. б. тармак­тары бар. Минералдуу сууларда түрдүү туздар, газдар, радиоактивдүү ж. б. заттар болгондук­тан, алардын дарылык таасири ар түрдүү, ант­кени алардын дарылык касиети хим., темп-ра­лык ж-а мех. факторлоруна байланыштуу болот. Минералдуу суулар ваннага, душ, бассейн­ге түшүү, ичүү, кээ бир органдарды «сугаруу», ооз, тишти чайкоо, ингаляция ж. б. түрүндө колдонулат. Минералдуу суулар жүрөк-кан тамыр, нерв, боор, ичеги-карын, аялдын жы­ныс ооруларында, тери оорусунда кеңири пай­даланылат. Анткени, минералдуу суунун тааси­ринен кан м-н лимфанын кыймылы тездейт, зат алмашуу күчөйт, ички бездердин иштеши, маңыз чыгаруусу жакшырат. Минералдуу суу­ну колдонуу врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл.