БАЛЬФУР ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
БАЛЬФУР ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (1917) Улуу Британиянын тышкы иштер министри Ж. Бальфурдун ысмынан аталган. Анда Улуу Британиянын өкмөтү Палестинада «еврей элинин улуттук очогун» түзүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Кийин бул декларация Франция ж-а АКШ тарабынан таанылып, Севр тынчтык келишиминин шарттарына киргизилген. Биринчи дүпнөлүк согуштун жыйынтыгында Палестинаны башкарууга мандат алуу м-н Британия Б. д-н ишке ашырууга ж-а Палестинага башка өлкөлөрдөн еврей калкынын келүүсүн колдоого аракеттенген. Бул аракет Палестина аймагында Израиль мамлекетинин түзүлүшү (1948) м-н аяктады. Бирок бул декларация палестиналык арабдардын нааразылыгын пайда кылып, еврейлер м-н арабдардын ортосунда кагылышууларга алып келген ж-а бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келаткан араб-израиль чыр-чатактарына негиз салган.