БАЛЬФУР ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬФУР ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (1917) Улуу Бри­таниянын тышкы иштер министри Ж. Бальфурдун ысмынан аталган. Анда Улуу Британиянын өкмөтү Палестинада «еврей элинин улуттук очогун» түзүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Кийин бул декларация Франция ж-а АКШ тарабынан таанылып, Севр тынчтык келишиминин шарттарына киргизил­ген. Биринчи дүпнөлүк согуштун жыйынтыгын­да Палестинаны башкарууга мандат алуу м-н Британия Б. д-н ишке ашырууга ж-а Палестинага башка өлкөлөрдөн еврей калкынын келүү­сүн колдоого аракеттенген. Бул аракет Палестина аймагында Израиль мамлекетинин түзүлү­шү (1948) м-н аяктады. Бирок бул декларация палестиналык арабдардын нааразылыгын пайда кылып, еврейлер м-н арабдардын ортосунда кагылышууларга алып келген ж-а бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келаткан араб-израиль чыр-ча­тактарына негиз салган.