БАЛЬЦЕРОВИЧ
БАЛЬЦЕРОВИЧ Лешек (1947-ж.т.) - польшалык экономист ж-а мамл. ишмер. 1989-92-ж. Польшанын финансы министри. Анын демилгеси м-н Польшада рынок экономикасын түзүү б-ча реформалар жүргүзүлгөн. Реформалар эркин соода жүргүзүү, валюта алмаштыруу ж-а бааларды либералдаштыруу чараларын камтыган. Анын жүрүшүндө келип чыккан баалардын кескин жогорулашы ж-а инфляция поляк элинин абалын оорлоткон. 1992-ж. Польшанын президенти Лех Валенса өз өкмөтүнүн популярдуулугун сактап калуу үчүн аны отставкага кетирүүгө аргасыз болгон. Ага карабастан Б. баштаган реформалар оң натыйжаларды берип, өлкөнүн экономикасы өнүгө баштаган. Рынок экономикасына өтүүнүн польшалык үлгүсү дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган. Экономиканы реформалоонун мындай жолу кийин «шок терапиясы» деген атка ээ болгон.