БАЛЯН Григорий Айказович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЯН Григорий Айказович (1928-ж. т., Азер­байжан, Шамхор р-ну, Барум айылы) - агроном, а. ч. илимд. доктору (1983), проф. (1988). КРдин илимине эмг. сиң. ишмер (1998). Азер­байжан а. ч. ин-тун (1948), Бүткүл союздук тоют ил.-из ин-тунун аспирантурасын бүтүргөн (1952). Азербайжан ИАнын Мир-Башкир тажрыйба станциясында (1953-56), Азербайжан дыйкан­чылык ИИИде ил. кызматкер (1956-65), 1965- жылдан Кырг-н мал чарба ж-а ветеринария ИИИде, 1995-жылдан Кыргыз мал чарба, ветеринария ж-а тоют ИИИде бөлүм башчы. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк ж-а шалбаачылык б-ча адис. 200дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 5 монография, 4 ой­лоп табуу ж-а 1 патенттин автору.
Эмг.: Прутняк и его культура в Киргизии. Ф., 1972; Кормовые растения Киргизии и их возделывание при освоении пустынь, полупустынь и степей. Ф., 1978; Культурные пастбища для овец. М., 1980.