БАМИАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАМИАН - Афганстандын борб. бөлүгүндөгү шаар. Бамиан провинциясынын адм. борбору. Калкы 125 миң (2005). Баба кыркатоосунун түн. этегинде, Бамиан д-нын (Кундуз д-нын алабы) боюнда, деңиз деңг. 3000 м ден ашык бийиктик­те, Кабул ш-нан 130 км түн.-батышта жайгашкан. Б. з. 1-к-нан белгилүү. Байыркы кытай жаз­маларында 5-к-дан эскерилет. Арабдар жеңген­ге чейин (7-к.) буддизмдин маанилүү борбору болгон. Шаарга жакын аскага оюлган будда монастырь комплекси (1-8-к.) сакталган. 2000ден ашык үңкүр (чиркөө, үжүрө, чогулуш бөлмөлөрү ж. б.) тепкич ж-а өткөөлдөр аркы­луу байланышып, Будданын статуялары, сүрөттөр жана ташка чегилген орнамент м-н кооздолгон.

Будданын зор скульптуралык сүрөтүнүн бири.

Өзгөчө Будданын эки эң зор скульптуралык сүрөтү (бийикт. 35 ж-а 53 м, 2-3-к. ж-а 5-к.) белгилүү болгон. (2001-ж. мартта талибдер толугу м-н талкалаган). Шаар Бут­кул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген. Тарыхый-этногр. музей. Р. Карачалова.