БАНАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНАН (Миза) - өсүмдүктөрдүн банандар туку­мунун уруусу. Көп жылдык чөп, тамыры жоон, сабагы кыска, жалбырагы чоң, чанда бийикт. 15 мге жетет. Бир ж-а кош жыныстуу гүлү чоку топгүлгө чогулган. Мөмөсү - көп уруктуу жемиш, сүйрү, үч кырдуу, курамында кант, крахмал, протеин бар. Мөмө байлагандан кийин, жер бетиндеги бө­лүгү куурап, та­мырынан жалган сөңгөк өсүп чыгат.
Күрдүү жерде жак­шы өсөт, орг. се­мирткич м-н ко­шумча азыктан­дырганда бир тү­бүнөн 50-60 кг түшүм алынат.
Анын 40тан ашык түрү тропиктик Африка, Азия, Австралияда ке-

зигет. Эгилме Б-дын мекени - Индия. Тех. Б. текстиль өнөржайында пайдаланылат, андан бышык кездеме токулат, аркан, тор, жип ж. б. буюм жасалат. Кавказдын Кара деңиз жээгин­де, Түш. Крымда кооздук үчүн атайын өстүрүлөт. Б. кургатылган ж-а жаңы бойдон тамак-ашка колдонулат.