БАНАХ МЕЙКИНДИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНАХ МЕЙКИНДИГИ - норма киргизилген ж-а ошол нормага карата толук болгон вектор­дук мейкиндик. Польша математиги С. Банах­тын ысмынан аталган. Нем. математиги Д. Гильберт, француз математиги М. Фреше, венгр ма­тематиги Ф. Рисстин функционалдык мейкин­дикти изилдөөлөрү (1904-18) Б. м-нин пайда болушуна түрткү болгон. Ошолордо алгачкы жолу Б. м-нин негиздүү түшүнүктөрү изилден­ген. Алар: өтө ж-а начар жыйналуучулуктар, сызыктуу функционалдын ж-а сызыктуу опе­ратордун компакттуулугу ж. б. Банах 1922-ж. бул мейкиндиктерди изилдеп, орчундуу ил. жы­йынтыктарга келген. Б. м-нин проблематикасы бир нече багыттардан биригип түзүлөт. Алар: бирдик сферанын геометриясы, камтылган мейкиндиктердин геометриясы, сызыктуу топология.
Ад.: Данфорд Н., Шварц Дж. Т. Линейные операторы. Общая теория. М., 1962.