БАНГАЛОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНГАЛОР , Б а н г а л у р, Б е н г а л у р у - Индиянын түштүгүндөгү шаар. Карнатака шта­тынын адм. борбору. Калкы 4,9 млн (2005; шаар айланасы м-н 6,1 млн). Калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар. Декан бөксөтоосунда, 900 м бийиктикте жайгашкан. Жолдор тоому. Аэропорту бар. 1537-ж. негизделген. Шаарда Гави Гандхарешвара ж-а Басаван аска бетине салынган храмдар (16-к.), Ыйык Мария (1875-82), Ыйык Андрей (1867), Ыйык Франциско Ксаверия (1911) чиркөөлөрү сакталган. Б. - Түш. Индиядагы кришнаиттер кыймылынын (Кришна храмы, 1997) чордону. Өлкөнүн ири өнөржай, ил. ж-а маданий, 1969-жылдан космосту изил­дөөнүн индустриялык борбору. Ил.-из. ин-тта­ры, ун-т (1964), а. ч. ун-ти (1964), Индия ил. ин-ту (так ж-а техника илимдери; 1909), борб. китепкана (1914), мамл. музей (1866) бар. Эла­ралык авиакосмос техникасы көргөзмөсү (2 жылда 1 жолу) өткөрүлүп турат. Станок ж-а авиа куруу з-ддору, электр-тех., фармацевтика, тамак-аш, текстиль (жибек, кебез-кездеме өнөржайынын борбору), жыгаччылык өнөржай­лары бар.