БАНГКОК
БАНГКОК - Таиланд мамлекетинин борбор шаары. Калкы 6,7 млн (2005; агломерациясында 9,0 млн). Түш. Кытай деңизинин Сиам булуңунан 30 км, Чаупхрая (Менам д-нын куймасы) боюнда жайгашкан. Өлкөнүн негизги деңиз

ж-а дарыя порту (жылына 50 млн т жүк ташылат). Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. 16-к-дагы кыштактын ордуна 1782-ж. Пья Чакри (Рама I деген ат м-н такка отурган) тарабынан негизделген. Тайлар Крунг-Тхеп («Периштелер шаары») деп аташкан. 18-к-дын аягынан ири соода ж-а маданий борборго айланган. Рама II (1809-24) ж-а Рама III (1824-51) бийликте турган мезгилде көптөгөн будда храмдары (ваттар), мектептер, китепканалар, ооруканалар ж-а каналдар курулган. Шаардын жаңы көрүнүшү Рама IV (1851-68) ж-а Рама V Чулалонгкорндун (1868-1910) тушунда түзүлгөн. Алар шаарды жашылдандырып, жолдор түйүнүн курдурткан. 1900-ж. 1-темиржол ишке киришкен. Улуттук зодчийликтин эстелиги болгон 400гө жакын монастырлар (ваттар) бар. Дарыянын оң жээгинде, Арун ватында («Күн чыгыш» храмы) бийикт. 74 м болгон, фарфордун кесектери м-н кооздолгон мунара сыяктуу силуэт (ыйык Меру тоосунун өзү) - борбордун арх-ралык символу. Ал эми дарыянын сол жээги - тарыхый бөлүгү (Раттанакосин) королдор сарайын, храмдарды (а. и. Пхракэу ваты же «Зымырыт будда» храмы, 15-к.) камтыйт. Чакри король династиясынын колодон жасалган скульптуралары Пхракэу ватында жайгашып, галереянын дубал тосмолору «Рамаяна» темасында кооздолгон. Пхо ватында Будданын алтындын буусуна кармалган 45 метрлик (жаткан) статуясы (19-к.) бар. Пхуттхаисаван храмындагы алтарь Будданын колодон жасалган скульптурасы (13-к.) ж-а дубалга тартылган живопись (18-к.) м-н кооздолгон. О. эле 18-19-к-дагы храм ж-а сарай курулуштары, Чакри король сарай комплекси (Махапрасат, 18-к-дын башы - 20-к.), Сиамда монументалдык эстеликтер (король Чулалонгкорндун атка мингизилген) сакталган. Улуттар үйү (20-к.), отеллдер, 20дан ашык ил. коомдук ассоциациялар, ил.-из. ин-ттар (а. и. Король ин-ту, 1933, ж. б.), улуттук китепкана, музейлер, 19-к-дын турак-жайлары, сүрөт галереясы, улуттук театр, планетарий, зоопарк, парк бар. Ботан. бак экспозициясы уюшулган. Б-до - Азия оюндары (1966, 1978, 1998) өткөрүлүп турат. Б. - өлкөнүн финансы ж-а өнөржай борбору. Нефть ажыртуу, жыгаччылык, хим., фармацевтика, электртех., кагаз, металл иштетүү, күрүч актоочу өнөржайлары иштейт. Автомобиль чогултулат. Кеме верфи бар. Көркөм колөнөрчүлүк (күмүш, жыгач, карапа буюмдар) өнүккөн.