БАНГЛАДЕШ
БАНГЛАДЕШ , Б а н г л а д е ш Э л Р е с п у бл и к а с ы (Гоно Прожатонтри Бангладеш) - Түш. Азиядагы мамлекет. Батышынан, чыгышынан ж-а түндүгүнөн Индия, түш.-чыгышынан Мьянма м-н чектешет. Түштүгүн Инди океанынын Бенгал булуңу чулгап жатат. Аянты 142,7 миң км2 (ички акваторияларын кошкондо 144 миң км2дей).

Калкы 134,8 млн (2005; айрым маалыматтарда 144,3 млн). Борбору - Дакка ш. Расмий тили - бенгал тили. Акча бирдиги - така. Адм.-айм. жактан 6 облуска (64 округ кирет) бөлүнөт. Б. - БУУнун (1974), Түш. Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташуу ассоциациясынын (СААРК; 1985-ж. Бангладештин демилгеси м-н уюшулган), Ислам конференциясы (1974), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995) уюмдарынын, Эларалык валюта фондунун (1972) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Б. - унитардык мамлекет; Шериктештикке кирет. Конституциясы 1972-ж. 4-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы - парламенттик республика. Мамлекет башчысы - президент (5 жылга парламент тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигинин органы - премьерминистр жетектеген өкмөт.
Саясий партиялары жүздөн ашуун.
Табияты.
Аймагы Инд-Ганг түздүгүнүн чыгышын ж-а Ганг, Брахмапутра, Мегхна д-нын жалпы дельтасын ээлейт. Түш.-чыгышында Лушай

Ганг, Брахмапутра ж-а Мехна д-нын дельтасы. бөксөтоосу (бийикт. 60-300 м) жайгашкан. Жээк сызыгы 550 км ге созулуп, көптөгөн дельталар ж-а айрыктар м-н тилмеленген; дельта аралдары көп. Жээктери жапыз, бирок суунун ташкындап тартылышына байланыштуу өзгөрүп турат. Түш.-чыгышында өлкөнүн эң бийик жери (Читтагонг чокусу, бийикт. 915 м) жайгашкан. Жеринин 9/10 бөлүгүнө жакынын Бенгал түздүгү ээлейт. Басымдуу бийикт. 1 м ден 250 м ге чейин. Түш. бөлүгү (жерг. эл Сундарбан деп аташат) өтө саздак. Кен байлыктарга жарды. Патхария, Пятна, Силхот аймактарында нефть, Читтагонгдо ташкөмүр, өлкөнүн чыгышында титан казылып алынат. Климаты субэкватордук, муссондук. Жайкы муссон жаан-чачындуу (май-октябрь), кышкы муссон (ноябрь-апрель) кургакчыл. Кышы жумшак, кургак, күнөстүү; январдын орт. темп-расы 12-25°С. Жайы ысык, жаанчыл, апрелдики (эң ысык айы) 33°-36°С.
<img src='БАНГЛАДЕШ PART 169.png' alt = 'БАНГЛАДЕШ'/>
Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 2000—3000 мм дей, ал эми Читтагонгдо 5080 мм ге жетет. Июлдан ноябрга чейин жылдык жаан-чачындын 80% жаайт. Суулары жыш. Дарыялары Ганг, Брахмапутра ж-а Мегхна д-нын алабына кирип, суусу мол, кеме жүрөт. Ганг ж-а Жамуна д-нын салааларынын туурасы 10 км ге жетип, Мегхна д. м-н кошулуп, чоң эстуарийди түзөт. Муссондук жаан-чачындын негизинде дарыялары жайында ташкындап, өлкөнүн кыйла бөлүгүн суу каптайт. Ошондуктан дельталарда үйлөр бийик саваяларга курулат. Эң ири көлү — Хайлхаор. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн калың аллювий топурагы ээлейт. Түндүгүнө ж-а түш.-чыгышына кызыл-сары ферралит, дельтанын жээк бөлүгүнө мангр саз топурактары мүнөздүү. Маданий ландшафт басымдуу. Акыркы жүз жыл ичинде токойлор өтө катуу деградацияга учураган. Түш.-чыгышында тропиктик токой (гаржан, манго, тика, сало дарагы) сакталган. Ири токой массивдери түштүктө, түш.-чыгышында, түн.-чыгышында. Жаан-чачыны азыраак жааган аймактарда жалбырагы күбүлмө муссондук токой, дөңсөөлөрүндө бадалдуу саванна, Бенгал булуңунун жээктеринде сундра дарактуу мангр токойлору өсөт; бамбуктун 10го жакын түрү кезигет. Өлкөдө коргоого алынган 10 аймак (аянты 65,7 миң га, а. и. Сундарбан резерваты Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген) бар. Мангр токоюнда ж-а дельта аралдарында бенгал арстанынын ири популяциясы корголот. Улуттук парктары: Читтагонг, Мадхурпур.
Калкы.
Б. - калк өтө жыш отурукташкан елке. Калктын жыштыгы б-ча (1 км 2ге 950 киши) дүйнөдө 1-орунда. 98% бенгалдар, о. эле индус, чакма, кхас ж. б. улуттар да жашайт. Ислам (мусулман сүнөттөр 87%), индуизм (12%), буддизм, христиан диндерин тутат. Калкынын табигый өсүүсү өтө жогору, өлүм-житимге (1000 китпиге 8,4 адам) караганда төрөлгөндөрдүн саны (1000 кишиге 30 бала) 3 эседен ашык. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники - 62,1, аялдарыныкы - 62,0 жаш. Шаар калкы 26%. Ири шаарлары: Дакка, Читтагонг, Кхулна, Ражшахи.
Тарыхы.
Төмөнкү Гангдын аймагына бенгал уруулары болжол м-н б. з. ч. 1000-жылдыкта отурукташып, б. з. ч. 7-6-к-да Ванга мамлекетин түзгөн (мамлекеттин аталышы ушундан келип чыккан: Бангла - бенгал, деш - өлкө). Б. з. ч. 4-к-дан б. з. 5-к-на чейин Б-тин аймагы байыркы индиялык бир катар империялардын курамына кирген. Бирдиктүү Бенгал мамлекети 8-к-дан 13-к-дын башына чейин өкүм сүргөн. 13-к-дын 1-жарымынан 18-к-дын башына чейин Б-тин аймагы мусулман династияларынын бийлиги астында, а. и. 16-к-дан тарта Улуу Моголдор империясынын курамында болуп келген. Ошол кезден Бенгалияда ислам тарай баштаган. 18-к-дын башында борбору Дакка болгон Бенгал наместничествосу өзалдынча мамлекет катары өкүм сүргөн. Плессинин алдындагы салгылашуудан кийин (1757) Бенгалияга англичандардын үстөмдүгү орнотулуп, Британ Индиясынын бир бөлүгүнө айланат. 19-к-да колониялык эзүүгө каршы улуттук-боштондук күрөш күч алган. Индиянын көзкаранды эместикке жетишүүсүнөн кийин ж-а аны эки мамлекетке бөлүүдө (1947, Индия ж-а Пакистан), негизинен индустар жашаган Батыш Бенгалия Индиянын курамында калтырылып, мусулмандар мекендеген Чыгыш Бенгалия (Чыгыш Пакистан провинциясы) Пакистанга (калкынын 98% бенгалдар) өтөт. Чыгыш Пакистандагы чечилбеген улуттук маселелер бир нече ирет (1952, 1954, 1958) саясий кризистерди пайда кылып, 1969-ж. Айюб Хандын режиминин кулашына себепкер болгон. Анын ордуна өкмөт башына келген Яхья Хандын тушунда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо Чыгыш Пакистанга автономия берүү маселесин көтөргөн Элдик Лига партиясы жеңип чыгып, Пакистандын парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орундун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаалдашып, узакка созулган талаш-тартыштын натыйжасында 1971-ж. өзалдынча Бангладеш Эл Республикасы түзүлгөн. 1971-ж. 26-март көзкаранды эместик күнү деп жарыяланган. 1972-ж. январда Элдик Лига партиясынын башчысы Мужибур Рахман түрмөдөн чыгып, жаңы түзүлгөн өкмөттү жетектеген. Өлкөдөгү жумушсуздук, баанын өсүшү, куралдуу күчтөрдүн катарындагы нааразычылыктар саясий-экон. абалды татаалдаштырып, бир нече ирет аскердик төңкөрүштөргө алып келген (көзкаранды эместикке жетишкенден тартып Б-те 13 президент алмашкан). 1996-жылдан аткаруу бийлигин коалициялык өкмөт жетектөөдө, ал эми октябрдагы шайлоодо Шахабуддин Ахмед жеңип чыккан.
Чарбасы.
Б. - дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Ички дүң продукциясынын көлөмү 275,7 млрд доллар (АКШ; киши башына 2000 долларга жакын). Анда 51,7%ти тейлөө чөйрөсү, 27,1%ти өнөржайы, 21,2%ти а. ч. түзөт. 20-к-дын аягында 21-к-дын башында экономикасы туруктуу болуп тез темп м-н өнүгө баштады. 2004-ж. өнөржай өндүрүшүнүн өсүшү 6,5%ти түзгөн. Бенгал булуңунун шельфинде, о. эле чыгыш райондорунда жаратылыш газы (9,9 млрд м3, 2001) ж-а нефть (жылына 200 миң т) казылып алынат. 2002-ж. 16,5 млрд кВт• с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 90%тен ашыгы ЖЭСтен (эң ири ЖЭС СССРдин жардамы м-н Горасалда курулган) өндүрүлгөн. Карнапхули д-нда ГЭС каскады бар. Эң ири текстиль өндүрүшү (кебез-кездеме жиби ж-а мата) бар. 100дөн ашык ири ф-ка импорттук сырьё- нун негизинде иштейт. Өндүрүлгөн матанын бир бөлүгү сыртка чыгарылат. Кебез-кездеменин көпчүлүк бөлүгү кол м-н токулат (млндон ашык адам эмгектенет). Сыртка чыгарылган товар түшкөн кирешенин 3/4 бөлүгүн түзөт. Кийим-кечек, трикотаж чыгаруучу ири компаниялар иштейт. Б. - жут өндүрүү ж-а андан буюм жасоо б-ча дүйнөдө алдыңкы орунда (Индия м-н катар). Жылына 80 миң т жут жиби (дүйнөлүк экспорттун 70%) сыртка чыгарылат. Тамак-аш (чай, жылына 54 миң т; кант 123-170 миң т; өсүмдүк майы), хим. (мочевина - жылына 2,3 млн т, жерсемирткич, пестицид), нефть ажыратуу (Читтагонг, жылына 1,5 млн т), металлургия, электр-тех., фармацевтика, резина-тех. өнөржайлары; кеме ремонттоочу док, кеме кыймылдаткычын чыгаруучу, автомобиль чогултуучу, цемент з-ддору, кагаз комбинаты, курулуш индустриясы иштейт. Башкы өнөржай борборлору: Дакка (Нараянганж ш. м-н), Читтагонг, Кхулна. Колөнөрчүлүк (булгаары, карапа ж. б.) өнүккөн.
Өлкөнүн аймагынын 60%тен ашыгы а. ч-нда иштетилет. Майда дыйкан чарбалары басымдуу. Айдоо аянтынын 70%ке жакынын шалы