ВЛТАВА
ВЛТА́ВА – Чехиядагы дарыя. Лабанын (Эльба) сол куймасы. Узундугу 446 км, алабынын аянты 28 миң км2. Шумава тоосунан башталып, Ортоңку Чехиянын дөңсөөлөрү ж-а түздүктөрү м-н агып өтөт. Орточо чыгымы Праганын тушунда 142 м3/сек. Төмөнкү агымында (84 км) кеме жүрөт (шлюздар аркылуу). Суусактагыч, ГЭС бар. Боюнда Ческе-Будеёвице, Прага шаарлары жайгашкан.