БАЛДАР ООРУЛАРЫ
БАЛДАР ООРУЛАРЫ - көбүнчө же жалаң гана балдарда кездешүүчү оорулар тобу. Аларга ымыркай балдардын оорулары, жугуштуу, ичеги-карын, дем алуу жолдорунун оорулары ж-а зат алмашуу бузулгандагы оорулар кирет. Балдар оорулары баланын өсүү өзгөчөлүктөрүнө, жашына, ооруга каршылык көрсөтүүсүнө (иммунитетине) байланыштуу болот. Ара терөлгөн ж-а төрөттөн жабыркаган балада нерв системасынын оорулары көп кездешет. Эмчектеги баланын ооруларына мээге кан куюлуу, шал оорусу, асфиксия, кемтик оорулары, гидроцефалия, микроцефалия, жаш балдардын флегмонасы, гемолиз ж. б. кирет. Эмчектеги баланын ичеги-карынында ферменттердин жетишсиздигинен ж-а тамактануу эрежесинин бузулушунан ич өткөк (диспепсия), таза аба ж-а күн нуру жетишпегенде «Д» витамини аз пайда болуп, итий оорусуна алып келет. Наристе балдар (1-3 жаш) жугуштуу оорулар (скарлатина, кептөөр, кызамык, көк жөтөл, суу чечек, дизентерия, шал оорусу, полиомиелит , сарык ж.б.) м-н көбүрөөк ооруйт. Мектепке чейинки балада (3-7 жаш) жугуштуу оорулар (полиомиелит, туберкулёз), мектеп жашындагы балдарда ревматизм көп жолугат. Өспүрүмдөрдө нерв, жүрөк-кан тамыр системаларынын ж-а ички секреция бездеринин функциясынын туруксуздугунан алардын ишинин бузулушу кездешет. Ооруну алдын алуу үчүн кош бойлуу аялдын туура тамактануусу, эс алуусу ж-а түрдүү жугуштуу оорулардан сактануусу чоң мааниге ээ. Балдарда жугуштуу ооруларды болтурбоо үчүн эмдөө жүргүзүлөт.