БАЛТА ЖУТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТА ЖУТАР (Сураеіиз ЬагЬаіиз) - жорулар тукумчасына кирүүчү жырткыч куш. Салмагыв 57 кг. Канатын жайганда жазылыгы 2,64 м че­йин. Тырмагы мукур, тумшугу учтуу, төшү агыш, жону каралжын. Ал Түштүк Америка, Европа, Аравия, Борбордук Азия тоолорунда таралган. Кыргызстанда 1 түрчөсү бийик тоолордо жашайт. Уясын аскага салат. Жазында 1-2 жумуртка тууйт. Балапанына өзүнүн жеген азыгын кул­гуп берип азыктандырат. Балта жутар жаныбар тарпын жеп, табиятты тазалап, санитардык кызмат аткарат.