БАЛЫК ЧАРБАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫК ЧАРБАСЫ - айыл чарбанын балык өстүрүүчү ж-а аларды көбөйтүп, тукумун жак­шыртуу ишин жүргүзүүчү тармагы. Табигый ж-а жасалма көлмө балык чарбасына бөлүнөт. Табигый көлмө балык чарбасы. дарыя, көл, суу сактагыч ж-а деңиз­де балык запасын көбөйтөт. Азыркы балык чарбасы балык өстүрүүчү көлмөнү мелиорациялоо ж-а ба­лыктын жаңы түрүн байырлаштыруу иштери м-н бирге комплекстүү жүргүзүлөт. Мелиорация­нын натыйжасында балыкты табигый көбөйтүү шарты жакшырат, урук чачуучу жайларда ту­руктуу суу режими түзүлөт. Колдо өстүрүү максатында көл жээктерине балык заводдору курул­ган. Алар урукту инкубациялоо ж-а табигый көлмөлөргө коё берилүүчү майда балыктарды чоңойтуу ж. б. иштерди жүргүзөт. Севан көлүнөн (Армения) Ысы-Көлгө алынып келген жилин­гир (форель) балыгы жакшы байырлашып, ай­рымынын салмагы 24 кгга чейин жеткен. Токто­гул, Киров ж. б. суу сактагычтарында балык чарбасы өнүгүүдө. Балыкты тоюттандыруу, өстүрүү, көлмөнүн азыктуулугун арттыруу ж. б. маселе­лерди атайын илимий-изилдөө мекемелери иштеп чыгат.
Ад.: Иманов Ж. Кыргызстандын балык чарбасы. Ф., 1980; Таиров М. Т. Рыбоводство и рыболовство. А.-А., 1985.