БАЛЫРЛАР
БАЛЫРЛАР (Аідае) - көбүнчө сууда өсүүчү, хлорофилл ж-а пигменттери бар автотрофтуу, жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр. Аларда негизги

вегетация органдары (жалбырак, сабак, тамыр) болбойт. Денеси таллом деп аталат. Микроскоп м-н гана көрүнгөн түрлөрү, 40-50 м ге жеткендери да бар. Алар - бир ж-а көп клеткалуу, клеткасыз, ошондой эле жөнөкөй жипче же пластинкалардан турган татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр. Океан, деңиз, көл, агын сууларда 50 миңге, Кыргызстанда 1 миңге жакын түрү - хара, диатом ж. б. бар. Айрым түрлөрү нымдуу топуракта да кездешет. Алар жыныстык, жыныссыз, вегетативдик жол м-н көбөйөт. Өз денесинде орг. заттарды пайда кылып, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Балык ж. б. суу жаныбарларына тоют, ошщондой эле жерь семирткич катары колдонулат. Көпчүлүгүнөн йод, калий туздары, целлюлоза, спирт, уксус кислотасы ж. б. алынат. Айрымдары тамак катары да пайдаланылат.