БАЛЬЗАМДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬЗАМДОО - түрдүү чиритпөөчү заттарды куюу м-н өлүктү бузулуудан сактоо. Бальзамдоо үчүн дене ткандарына антисептик ж-а консервалоочу эрит­мелер, көбүнчө формалин (байыркы заманда бальзамдар, аталышы ошондон) сиңирилет. Алар чиритүүчү микробдордун тиричилигине тоскоол кылат. Бальзамдоо окутуу, илимий, соттук-медициналык, ошондой эле көрүнүктүү адамдардын денесин сактоо максатында жүргүзүлөт. Бальзамдоо байыркы замандан бери белгилүү. Айрыкча Байыркы Египетте кеңири таралган. Орус окумуштуулары В. П. Воробьев, Б. И. Збарский иштеп чыккан ыкма боюнча 1924-ж. В. И. Лениндин денеси бальзамдалган.