ВОЛКОВ
ВО́ЛКОВ Геннадий Никандрович (31.10.1927-жылы туулган, Чуваш АССРи) — педагог, этнопедагогика илиминин негиз салуучусу. Педагогика илимдеринин доктору (1967), профессор (1968), СССР педагогика ИАнын (1989), Россия ИАнын, Социалдык ж-а педагогика ИАнын академиги. Чуваш педагогика институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1949). «Этнопедагогика» (1974, 2000) аттуу илимий эмгеги – болочок мугалимдер үчүн жазылган негизги эмгектеринин бири. Анда окутуу-тарбиялоонун улуттук, аймактык ж-а маданий-этникалык бөтөнчөлүгүн, элдик педагогиканын улуттук ж-а жалпы адамзаттык маңызын, анын калыптануу жолун, өбөлгөлөрүн, методикалык ыкмаларын, каражаттарын, учурдагы абалын, окуу тарбия ишин этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү маселелерин чагылдырган. «Письма о “Манасе”», «Созвездия земли» (1979), «Педагогика жизни» (1989) ж. б. эмгектеринде ж-а бир катар макалаларында кыргыз элинин эпикалык чыгармаларындагы педагогикалык ойлорду изилдеген. «Манас» эпосундагы педагогикалык идеяларды даңазалаган.