ГУТА АЙНЕГИ
ГУ́ТА АЙНЕГИ (нем. hutte – айнек үйлөөчү устакана) – формасыз, эркин үйлөө жолу м-н алынган көркөм айнектин бир түрү ж-а андан

жасалган буюмдар. Б. з. ч. 1-к-да ойлонуп табылган айнек үйлөөчү түтүк жөнөкөй (үй идиштери) ж-а татаал формада, капталдары жука, кээде чоӊ көлөмдөгү (эллиндик ж-а байыркы рим айнеги) идиштерди жасоого мүмкүнчүлүк берген. Гута буюмдары айнекке кошуп эритилген чапталуучу пластикалык деталдар м-н жасалгаланган. Эркин үйлөө ыкмалары устаны эӊ кылдат (виртуоздук) чеберчиликке үйрөткөн. Кайра жаралуу доорундагы венециялык айнек үйлөгүчтөрдүн чыгармалары өзгөчө айырмаланат. Жогорку сапаттагы Г. а. Россияда 18–19-к-да көпөстөрдүн чакан з-нда чыгарылган. Кырг-нда Токмок ш-ндагы айнек з-нда айнектин ж-а айнек буюмдарынын түрлөрү жасалат.