БАЛАНЫН ТОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:59, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАНЫН ТОНУ , п л а ц е н т а - түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде эне м-н бала организминин ор­тосундагы байланышты ж-а зат алмашууну кам­сыздандыруучу орган. Ал түйүлдүктүн түктүү сырткы чели м-н жатын капталынын биригип өсүшүнөн пайда болот. Баланын тону жалпак келип, бала ордунан, түйүлдүк челинен ж-а киндик боосунан турат. Баланын тону аркылуу киндик боосу м-н энеден түйүлдүккө азык заттар ж-а кычкыл­тек келет. Оошодой эле андан зат алмашуу продукту­лары чыгарылып, витаминдер, ферменттер, гор­мондор ж-а медиаторлор синтезделип, эне организминин кош бойлуулукка көнүшүнө түрткү берет. Эне организминен келүүчү тескери таасир­ди өткөрбөй, физиологиялык тосмо кызматын аткарат. Калыптанышы 3-4 айында токтолуп, бала төрелөргө жакын жатындан бөлүнүп, баладан кийин түшөт.