БАЗИЛИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗИЛИК (Осіmиm) - өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал же чала бадал. Тропик ж-а субтропик алкактарда 150гө жакын жапайы түрү кездешет. Мелүүн климат­туу аймакта эфир майын алуу үчүн айрым түрү өстүрүлөт. Грузияда, Краснодар крайында эвгенол базилиги. тоют өсүмдүгү катары эгилет. Анда эфир ма­йы, эвгенол болот. Майы м-н эвгенол парфюмерия ж-а тамак-аш өнөр жайында, ванилин препаратын чыгаруу үчүн медицинада колдону­лат. Базилик катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жер семирткичтер м-н азык­тандырылат. Жашыл массасы чанагы сарга­йып, уругу быша баштаганда жыйналат. Огород базилиги негизинен КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө өстүрүлүп, тамак-ашка татымал катары кондитер өнөр жайында ж-а ликёр чыга­рууда пайдаланылат.